Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жашоо минимуму 13,5% өстү. Графика

Кыргызстанда 2022-жылдын III кварталында жашоо минимумунун көлөмү жан башына орточо эсеп менен 7 миң 242,09 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,5%га өстү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Жашоо минимумунун наркынын өсүшү бардык аймактарда белгиленди.

«Анын эң жогорку баасы Жалал-Абад облусунда түзүлдү – 7495 сом. Бул республикалык орточо көрсөткүчтөн 10,8% ашат. Эң төмөнкү көрсөткүч Талас облусунда белгиленди – 6 миң 584 сом, бул орточо республикалык деңгээлден 12,5% төмөн”, — деп белгилешти Улуттук статистикалык комитеттен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version