Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү жанданды

Кыргызстанда жазгы аскерге чакыруу өнөктүгү жанданды

Кыргызстанда мөөнөттүү жазгы аскерге чакыруу жанданды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык,  мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчыларын запаска бошотуу жана жазгы аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу улантылат.

Март айынын соңунда коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда аскерге чакыруу убактылуу токтотулган. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>