Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жер титиреди

Кыргызстанда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө болду. Бул Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ал саат 18.00 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Бузук айылдарында —  4,5 балл, Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Айгыр-Жал айылдарында, Аксы районунун Кашка-Суу айылында — 4 балл, Аксы районунун Кербен, Жерге-Тал, Достук айылдарында, Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылында жана Чаткал районунун Сумсар айылында — 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Exit mobile version