Кыргызстандын аймагында 23-мартта жер титирөө катталды. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Күчү 3,2 баллга жеткен жер титирөө саат 09:22де Ош облусунун Чоң-Алай районунда болгон.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Кызыл-Эшме айылынан 11 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Эшме, Дароот-Коргон айылдарында 2,5 баллга жеткен.
Ошондой эле саат 09:45те Кытайда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз