Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу өтөт

Кыргызстандын коргоо министрлигинде Орусиянын жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен штабынын өкүлдөрү менен “Рубеж-2021” аталышындагы машыгууну өткөрүү боюнча жолугушуу болуп өттү.

Коргоо министрлигинин маалыматына таянсак, биргелешкен машыгуу өткөрүү идеясынын негиздери, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин контингенттери, жетекчилик аппараттары, ыкчам топтору жана ар тараптуу колдоо маселелери талкууланган.

Машыгууну ушул жылдын үчүнчү кварталында Кыргызстандын аймагында өткөрүү пландалган.

Exit mobile version