Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жумушсуздуктун саны 5,3 миң кишиге кыскарды

Өткөн жылдын июнь айынан 2022-жылдын июнь айына чейин Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли 0,2% кыскарды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) маалыматында айтылат.

Алсак, июнь айынын акырына карата республика боюнча мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматтарында 75,2 миң адам катталган, бирок Кыргызстан жумушчу күчүнө (2,9%) карата жумушсуздуктун деңгээли боюнча экинчи өлкө бойдон калууда.

Ошол эле учурда жумушсуз жарандардын эң көп саны Арменияда катталып, бул көрсөткүч 4,2%ды түзгөн.

Ал эми Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн ичинен жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Беларуста болгону — 0,2%ды түзөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version