Site icon Reporter.kg

Кыргызстанда жыл аягына чейин “Рулда” аттуу рейд жүрөт

Кыргызстандын аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, рейд коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын  алуу жана аны болтурбоо максатында бүгүнкү күндөн тартып, декабрь айынын аягына чейин өткөрүлүлөт.

Рейдде айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version