Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандар үчүн өлкөдө жүрүүгө уруксат берүүдө мамлекеттик алымдын ставкасын көбөйтүү сунушталууда. Токтом долбоор коомдук талкууга коюлду.
Долбоорду Санариптик өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан. Ал республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо жана өлкөдөгү учурдагы экономикалык кырдаалды эске алуу менен экономикалык өсүшкө көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Токтом долбоордун маалымкатында жазылгандай, чет өлкөлүктөрдөн алынган мамлекеттик алымдын ставкасы 1994-жылдан бери өзгөргөн эмес.
Токтом долбоорго ылайык, чет өлкөлү жарандар үчүн мамлекеттик алымдын ставкасы төмөндөгүдөй көбөйтүү сунушталган:
- Кыргызстанда жашап турууга туруктуу уруксат берүү үчүн: КМШга жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандарына, жарандыгы жок адамдарга — 10 миң сом (учурда 2 миң 500 сом). Ал эми алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарына — 20 миң сом (учурда 15 миң сом)
- Чет өлкөлүк жаранга жана жарандыгы жок адамга мурда берилген жоголгон же бузулган жашап турууга уруксаттын ордуна колдонуу мөөнөтүн узарткандык үчүн, ошондой эле жашап турууга уруксатты бергендик үчүн — 1000 сом (учурда 200 сом);
- Чет өлкөлүк паспортту же аны алмаштыруучу документти каттоо же анын жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн — 200 сом (учурда 100 сом);
- Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө (этникалык кыргыздарды, качкындарды жана аргасыз жер которгондорду кошпогондо) — 10 миң сом (учурда 2 миң сом);
- Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө — 10 миң сом (учурда 2 миң сом);
- Чек арага чектеш аймакка кирүүгө уруксат берүү үчүн: КРнын жарандарына — 100 сом (учурда 50 сом). Ал эми чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга — 1 500 сом (учурда 250 сом).
Балдары менен кошо жарандык алуу тууралуу өтүнүч берген учурда, ар бир бала үчүн кошумча 1 миң сом өлчөмүндө төлөм алынат.
Маалыматка ылайык, токтом долбоордо Кыргызстанда Торугарт — Жалал-Абад темир жолун долбоорлоо, куруу жана каржылоо үчүн тартылган чет өлкөлүк жарандардын паспортун же документтерин каттоо жана мөөнөттөрүн узартуу үчүн нөлдүк ставканы колдонуу каралган. Мындай чечим «Чайна Рэйлвей Интернэшнл” ишканасынын алдын ала берилген өтүнүчтөрүнүн негизинде кабыл алынган.