Кыргызстандагы үч басылманын банк эсептеринин камакка алынышы боюнча АКШ үн катты

Кыргызстандагы үч басылманын банк эсептеринин камакка алынышы боюнча АКШ үн катты

АКШнын Өкүлдөр Палатасынын Эл аралык иштер боюнча комитети Кыргызстандагы  «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларынын банк эсептеринин камакка алынышы боюнча  «Твиттердеги» расмий баракчасы аркылуу үн катты.

«Кыргыз өкмөтү коррупцияны ачыктап чыккан “Клооп”, “Азаттыктын” иликтөөлөрүн жокко чыгарып, журналистиканы басмырлап жатат. Эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо ― бул эркиндикке кол салуу. Өкмөт багытын тез арада өзгөртүшү керек”, — деп жазылат анда.

Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарын 9-декбарда сотко берип, жалпы өлчөмү 60 миллион сомдук доо койгон.

Свердлов райондук соту 10-декабрда  басылмалардын банк эсептерин камакка кою боюнча Кыргызстандагы бардык банктарга аныктама берген.

Матраимовдордун жактоочусу Татьяна Карыжинская бүгүн журналисттерге берген маалымат жыйында, басылмалардын банктык эсебин камактан чыгаруу боюнча сотко арыз бергенин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>