Кыргызстандагы 10 ажайып жайга барып «Ардактуу турист» наамын жеңип ал

Кыргызстандагы 10 ажайып жайга барып «Ардактуу турист» наамын жеңип ал

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Ардактуу турист” наамын алууга сынак жарыялады. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, сынактын катышуучулары өлкөнүн төмөндөгү 10 ажайып жерине барып, сүрөткө түшүп, сүрөттөрдү Министрликтин же Туризм департаментинин Facebook баракчасына жөнөтүү керек, ошондой эле сүрөттөрдү #УникалдууКыргызстан хештеги менен жеке социалдык тармактардагы баракчаларга жарыялоого тийиш.

Сынакка катыша тургандар бара турган жерлердин тизмеси:

  1. «Бурана» комплекси
    2. «Өзгөн» комплекси
    3. «Таш-Рабат» тарыхый комплекси
    4. «Сары Челек» коругу
    5. Манастын күмбөзү
    6. Сан Таш
    7. Сказка каньону
    8. «Арсланбап» улуттук коругу
    9. «Сулайман-Тоо» тарыхый-археологиялык музей-комплекси
    10. «Шах-Фазиль» күмбөзү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>