Кыргыз-Орус славян университетине өзгөчө макам берилет. Бул тууралууу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдирди.
Ал бул окуу жайдын макамы дагы Кыргызстандын улуттук беш университетине теңелерин айтты.
Расул Абазбек уулу студенттер үчүн компус салынарын кабарлады. Ал ректор Орусия тараптан гана дайындаларын, жетекчинин эки мөөнөткө дайындалуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи.
Кыргыз-Орус славян университетинде окутуучулардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандын жарандары экени айтылды.
Славян университетинин дипломун Орусия тааныбай жатабы? Министрликтин жообу
Биздин Телеграм каналга катталыңыз