Site icon Reporter.kg

Кыргызстандагы француз тили мугалимдерине конкурс жарыяланат

Франциянын Кыргызстандагы элчилиги быйыл жайында Францияда өтө турган тилдик стажировкага конкурс жарыялады. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Стажировка ушул жылдын 11–22-августунда Виши шаарындагы CAVILAM – Alliance Française борборунда өтөт.

Конкурска Кыргызстандагы бардык мектеп, жогорку окуу жай, мамлекеттик жана менчик билим берүү мекемелериндеги француз тили мугалимдери катыша алышат.

Керектүү документтер: анкета, француз тилинде резюме, толтурулган конкурстун жобосу.

Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 15-июнунун түн ортосуна чейин.

Документтерди төмөнкү почтага жиберүү зарыл: etienne.lancelot@diplomatie.gouv.fr

Толук маалымат төмөнкү шилтемеде: https://kg.ambafrance.org/

Exit mobile version