Site icon Reporter.kg

Кыргызстандагы уюлдук байланыш: түйүндү өнүктүрүү уланууда

MegaCom мамлекеттик уюлдук байланыш оператору түйүндүн каптоосун жана көлөмүн кеңейтүүгө каражат жумшоо менен бүткүл өлкө боюнча инфраструктураны модернизациялоону салттуу улантат.

2022-жылдын июлунда республиканын бардык 7 облусундагы шаар жана айылдарда жүргүзүлгөн иштер сигналды мыктылоого, мобилдик интернеттин ылдамдыгын жогорулатууга жана MegaCom’дун байланыш сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк берди.

Базар-Коргон, Бишкек, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Ош, Чолпон-Ата, Шопоков шаарларында, ошондой эле:

Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Токмок, Шопоков шаарларында, ошондой эле:

Муну менен катар, Бишкек шаарында, ошондой эле Ош облусунун Калинин, Талас облусунун Аманбаев, жана Чүй облусунун Вторая Пятилетка айылдарында 2G стандартындагы базалык станциялары модернизацияланды.

4G стандартындагы жаңы базалык станциялар Нарын облусунун Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында, Талас облусунун Арчагул, ошондой эле Чүй облусунун Кызыл-Ой айылында орнотулду.

3G стандартындагы базалык станциялар Жалал-Абад облусунун Авлетим, Аң-Арык, Бел-Кара-Суу, Жүзүмжан, Кара-Жыгач, Кара-Суу, Кечүү, Орто-Жон, Райкомол, Торкамыш, Чарба айылдарында колдонууга берилди.

Эске сала кетели, каптоонун Интерактивдүү картасынын жардамы менен MegaCom’дун расмий сайтынан түйүндүн каптоо аймагы боюнча маалыматты ар дайым онлайн-режимде алсаңыздар болот. Анын жардамы менен жакынкы базалык станциянын сигналынын деңгээлин оңой көзөмөлдөп, ошондой эле Кыргызстан боюнча 2G, 3G жана ылдамдыгы жогору 4G каптоосу боюнча да биле аласыздар.

Мындан тышкары, MegaCom’дун абоненттери түйүндүн каптоосун жакшыртууну талап кылган аймактар боюнча билдирүүлөрүн жана каалоолорун компаниянын Байланыш борборуна *500 номери аркылуу чалып, +996 999 500 000 номериндеги WhatsApp же Telegram’га жазып кабарлашса болот.

MegaCom компаниясынын акыркы жаңылыктары менен кабардар болуп туруңуздар! Биздин FacebookInstagramTwitter жана Telegram баракчаларыбызга жазылыңыздар.

Exit mobile version