Site icon Reporter.kg

Кыргызстандан Өзбекстанга киргендер карантинге алынбайт

Акыркы 72 саат ичинде ПЧР анализ тапшырганын жана таза экенин тастыктаган кагазы бар жарандар Кыргызстандан Өзбекстанга киргенде карантинге алынбайт. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанга келип, башка өлкөлөргө чыкпаган өзбекстандыктар да мекенине кайтканда карантинге жаткырылбайт.

1-сентябрдан тартып Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасындагы «Достук», «Кызыл-Кыя» жана «Маданият» чек ара бекеттери ачылып, эки өлкөнүн жарандары мурункудай каттай башташкан.

Exit mobile version