Site icon Reporter.kg

Кыргызстандан $23 млн чыгарып кеткен шектүү Мадагаскардан кармалды

доллар, деньги

Кыргызстандан 23 млн долларды чыгарып кетүүгө шектүүлөрдүн бири Мадагаскардан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 40 жаштагы шектүү С.А. өлкөдөгү банктардын биринин 4 кызматкери менен алдын ала сүйлөшүп алып, Кыргызстандан 23 млн доллар чыгарып кеткен.

Кийинчерээк ал издөөгө алынган.

Аталган жаран ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросу жана Башкы прокуратуранын биргелешкен ишинин натыйжасында кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Шектүү С.А.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version