Site icon Reporter.kg

Кыргызстандан алтын концентратты поезге жүктөп, чыгарып кетишти

Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердиев 17 фурага жүктөлүп, контрабандалык жол аркылуу ташылып баратканы үчүн кармалып турган алтын концентратты кытайлар сыртка чыгарып кеткенин билдирди.

Эл өкүлүнүн сөзүнө караганда, аталган алтын концентраты алгач “Эркечтамда” кармалып турган болчу.

“21-сентябрда лицензиясын жаңылады деп, аны “Эркечтам” эмес, “Достук” бажысы аркылуу кытайлар чыгарып кетиптир. Министрлердин, бажынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Кечээ эле бул комитеттин жыйынында каралган болчу. Кимдер күнөөлү? Бажынын азыркы башчысы Самат Сатарович айтат, “Мен билбей калыпмын, балдар чыгарып жибериптир. “Эркечтамдан” эмес, “Достуктан” чыгарып поездге жүктөп кетишиптир” деп. Мындай боло берсе мамлекет оңолушу кыйын болот”,- деди ал.

Депутат Аккулу Бердиев парламенттин 13-январдагы жыйында  «Эркечтам» чек ара бекети аркылуу контрабандалык жол аркылуу 17 фура алтын концентратын алып өтүүгө аракет кылып жатышканын айтып чыккан жана сөз болуп жаткан алтын Чоң-Алай районундагы алтын кенинен казылып алынганын билдирген. Ошондой эле ар бир фурага 4 тоннадан чийки зат жүктөлгөн белгилеген.

Exit mobile version