Site icon Reporter.kg

Кыргызстандан катализаторлорду экспортоого тыюу салынды

Колдонулган катализаторлорду, шлактарды, күлдү жана катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын калдыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу аркылуу адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган.

Убактылуу тыюу салуу алты айга киргизилген.

Exit mobile version