Кыргызстандан Орусиянын шаарларына учуу үчүн авиакаттамдардын тизмеси

Кыргызстандан Орусиянын шаарларына учуу үчүн авиакаттамдардын тизмеси

Кыргызстандагы Орусиянын элчилиги 21-июнга чейинки Бишкектен жана Оштон учуучу каттамдардын тизмесин жарыялады. Ал каттамдар менен Орусияга кирүүгө уруксаты болгон гана жарандар кете алат.

17-июнда саат 8.00дө Бишкек — Казань рейси

Татарстан, Башкортостан, Удмуртия, Марий Эл, Чувашия, Мордовия өлкөлөрүндө жана Оренбург, Киров, Ульянов, Самара, Нижегород облустарында жашаган жарандар уча алат.

19-июнда саат 12.00дө Бишкек — Якутск рейси

Бул рейс менен Амурск, Магадан, Сахалин, Иркутск облустунун, Европалык автономдук облустунун, Забайкал, Камчатка, Приморск, Красноярск, Хабаров аймактарынын, Бурятия, Саха (Якутия) республикаларынын Чукотск автономдук аймагынын жашоочулар кете алат.

20-июнда саат 12.30да Ош — Москва рейси

Москва, Владимир, Иванов, Калужск, Рязань, Смоленск, Тверь, Туль, Ярослав, Брянск, Орлов, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгород, Вологодск, Костром, Нижегород, Пенза облустарынын, Мордовия Республикасынын Ульянов облустунун, Калининград облустунун тургундары үчүн.

21- июнда саат 16.05те Бишкек — Москва рейси

Рейс Москвада, Москва, Владимир, Иванов, Калужск, Рязань, Смоленск, Тверь, Туль, Ярослав, Брянск, Орлов, Липецк, Тамбов, Воронеж, Курск, Псков, Новгород, Вологодск, Костром, Нижегород, Пенза облустарынын, Мордовия Республикасынын Ульянов областунун, Калининград облустунун тургундары үчүн.

Суроолор боюнча Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнө байланышуу керек

Сурап билүү телефону: 0312612615, 0312612617; Ош: 0558909005, 322288221.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>