Кыргызстандан буудай уну менен буудайды сыртка экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда тиешелүү токтомго 22-сентябрда кол коюлуп, ал 3 күн өткөндөн кийин, тактап айтканда бүгүн, 25-сентябрда күчүнө кирди. Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун сактоо жана баалардын кескин өсүшүнө жол бербөө максатында кабыл алынган.
Ун менен буудайды экспорттоого 6 айга тыюу салынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз