Site icon Reporter.kg

Кыргызстандан жыл башынан бери 91 медик чыгып кеткен

Кыргызстандан жыл башынан бери 91 медициналык кызматкер кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка караганда, республика боюнча калкка 13 миң 655 дарыгер жана 33 миң 510 орто медициналык билимдүү адис кызмат көрсөтүүдө.

“Акыркы 6 айдын ичинде саламаттыкты сактоо тармагына орто медициналык билимдүү 1 миң 718 адис жана 690 дарыгер келген. Кеткен дарыгерлердин саны 525 жана орто билимдүү 1 миң 420 адис. Анын ичинен өлкөдөн 4 дарыгер жана 87 адис кетти”, — деди Жаркынбек Касымбеков.

Exit mobile version