Site icon Reporter.kg

2022-жыл: Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан спортчулардын ийгилиги

Кыргызстандык спортчулар, айрыкча күрөш боюнча балбандар эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип, жаңы ийгиликтерди жаратууда. Алар жиу-житсу, сууда сүзүү, жеңил жана оор атлетика, көк бөрү (көкпар), бокс, самбо, карате жана башка спорт түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерде жеңүүчү, байге ээлери болду. Reporter.kg кыргызстандык спортчулардын  жыл ичиндеги жетишкендиктери тууралуу сөз кылат.

Тарых жараткан балбандар

Быйылкы жыл бир катар балбандар үчүн ийгиликтүү болду. Маселен, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) алгач ирет чоңдор арасында Азия жана дүйнө чемпиону болду. Буга чейин Шаршенбеков Азия (2018, 2020-жыл) жана дүйнө биринчиликтеринде (2018, 2021-жыл) эки жолудан күмүш байге уткан.

Быйыл Жоламан Шаршенбековдун бир тууган агасы Тынар Шаршенбеков да 63 кг салмакта алгачкы жолу Азия чемпиону боло алды. Андан тышкары ал башка эл аралык мелдештерде жеңүүчү, байге ээси болду.

Ошондой эле быйыл Акжол Махмудов экинчи жолу Азия жана алгач ирет дүйнө чемпиону болду. Ал Кыргызстандын тарыхында грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону атанган биринчи спортчу болуп калды. Буга чейин кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону болгон. Ал дүйнө биринчилигин эки ирет жеңген.

Кошумчалай кетсек, быйыл Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудовду «Жылдын тарых жаратуучулары» деп атады. Ал эми Азиянын Күрөш уюму (UWW Asia) Махмудовду грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эң мыкты балбаны деп тапты.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 кг) Азия чемпионатында күмүш, дүйнө чемпионатында коло байгеге татыды. Арсалан Будажапов Азия жана дүйнө чемпионаттарында коло медаль тагынды. Аны менен бирге Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү) менен Алибек Осмонов (65 кг, эркин күрөш) дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Андан тышкары эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг), Улукбек Жолдошбеков (61) жана Исламбек Орозбеков (74 кг), грек-рим күрөшүнөн Адилхан Нурланбеков (72 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана Роман Ким (130 кг) Азия биринчилигинин коло байгесин жеңишти.

Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 кг) быйыл алгач ирет Азия чемпиону болду. Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова (62 кг) менен Мээрим Жуманазарова (68 кг) Азия биринчилигинин күмүш медалын утту.

Аталган жана башка балбандар башка дагы эл аралык, рейтингдик мелдештерде жеңүүчү жана байге ээлери болушту.

Кыргызстандын футбол курамасы Азия кубогунда

Быйыл футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндары өтүп, Кыргызстандын футбол курамасы аталган биринчиликтин финалдык айлампасына чыга алды.

Азиянын кубогуна тандоо турунда 24 команда финалдык айлампага чыгууга ат салышып, алар төрттөн алты тайпага бөлүнгөн. Анын ичинен 11не гана Азия кубогунда ойнооого мүмкүнчүлүк берилмек: өз тайпасында биринчи орунду ээлеген алты команда жана экинчи орундагы алдыңкы беш курама.

Тандоо оюндары Бишкекте өтүп, Кыргызстан F тайпасында Мьянма, Сингапур жана Тажикстандын курамалары менен беттештери болду.

«Ак шумкарлар» алгачкы беттешин Сингапурга каршы ойноп, аларды 2:1 эсебинде жеңди.

Ал эми экинчи оюн Мьянма менен өтүп, бул беттеште кыргызстандык футболчулар атаандаштарын 2:0 эсебинде утуп алды. Экинчи беттештен кийин эле, башка тайпалардагы оюндардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан Азия кубогуна чыгууга мүмкүнчүлүк алганы белгилүү болду. Үчүнчү оюн – Тажикстанга каршы беттеш F тайпасында кайсы курама биринчи орунду ээлей турганын аныктамак. Бул оюнда эки курама 0:0 эсебинде тең чыгып, тилекке каршы Кыргызстан өз тайпасында биринчи боло алган жок. Ошентсе да Кыргызстандын курамасы өз тарыхында экинчи ирет Азия кубогунда ойной турган болду.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын футбол курамасы алгачкы жолу Азия кубогунда 2019-жылы ойноп, анда «ак шумкарлар» өз тайпасынан чыгып, 1/8 финалда ойноого мүмкүндүк алган. Кыргызстан чейрек финалга чыга албаса да, «ак шумкарлардын» Бириккен Араб Эмираттарына каршы оюну футбол күйөрмандарына зор кубаныч тартуулаган: ал беттеш кыргызстандык күйөрмандар үчүн эстен кеткис көз ирмемдерди, сүйүнүч, сыймыктануу сезимдерин тартуулаган.

Манаслуну багындырган кыргызстандыктар

Быйыл 1-октябрда Кыргызстандын биринчи улуттук экспедициясы Гималайдагы бийиктиги 8 миң 156 метр болгон Манаслу чокусун багындырды.

Экспедициянын курамына Кыргызстандын альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов, альпинизм боюнча башкы машыктыруучу, кураманын капитаны Сергей Селиверстов, «Манаслу-2022» долбоорунун жетекчиси Кадыр Нурмаматов, кураманын мүчөлөрү Андрей Ерохин, Асел Байбагышева, Илим Карыпбеков, Азизбек Өмүркулов, Андрей Алипов жана Сергей Красовский кирген.

Алар Манаслу чокусуна дүйнөдөгү эң чоң дастан болгон «Манас» эпосун жана Кыргызстандын туусун көтөрүп чыгышты.

Манаслу — дүйнөдө сегизинчи орунда турган бийиктиги 8 миң метрден ашкан тоо чокусу. Аталган чокуну алгачкы жолу 1956-жылы 9-майда багындырышкан.

Самат «Кыргыз» Абдырахманов

Спорт күйөрмандары арасында «Кыргыз» же «Кыргыз Флойд» деп аталган кыргызстандык мушкер Самат Абдырахманов быйыл Hardcore Fighting Championship мушташ лигасынын экинчи сезонунун жана бокс боюнча Bare Knuckle FC лигасынын жеңүүчүсү болду.

Абдырахмановдун Hardcore Fighting Championship лигасынын чемпиондук куру үчүн беттеши 26-июнда болуп өткөн. Аталган мелдеште ал россиялык Лендруш Акопян менен беттешкен. Бул эрөөлдө көптөр Акопянды жеңип чыгат деп ойлогон. Бирок 4 раундга созулган беттеште кыргызстандык мушкер атаандашын нокаут менен жеңип алган. Чемпиондук курдун жеңүүчүсү катары ага BMW унаасы тапшырылган.

Ошондой эле жакында, 25-декабрда Самат Абдырахманов бокс боюнча Hardcore Boxing лигасын да жеңип алды. Анда ал Bare Knuckle FC лигасынын мурдагы чемпиону Элвин Брито менен кез келди. Ал беттеш 5 раундга созулуп, Абдырахманов калыстардын чечими менен жеңишке жетти.

Валентина Шевченко 

Кыргызстанды эл аралык мелдештерде таанытып жүргөн спортчулардын бири — UFC чемпиону болгон Валентина Шевченко. Ал быйыл жетинчи ирет чемпиондук курун коргоду.

Беттеш июнь айында Сингапурда өтүп, Шевченко бразилиялык Тайла Сантос менен кез келди. Беттеш 5 раундга созулуп, калыстардын чечими менен Шевченко жеңүүчү болду.

Валентина Шевченко 2018-жылы 9-декабрда UFC’нин чемпиондук курун жеңип, чемпион атанган. Анда ал калыстардын чечими менен польшалык Иоанна Енджейчикти утуп алган.

Андан бери ал чемпиондук курун коргоо үчүн Жессика Ай, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян, Женнифер Майя, Жессика Андраде, Лорен Мерфи менен беттешип, жеңүүчү болуп чыккан.

Валентина Шевченко беттештерине Кыргызстандын атынан өлкө туусун көтөрүп гана чыкпастан, социалдык тармактагы баракчаларында Кыргызстандын кооз жаратылышын, эс алуулары тууралуу сүрөт-видеолорун жарыялап, Кыргызстандагы туризмди жарнамалап келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version