Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык 11 боксчу Испаниядагы мелдешке катышат

Кыргызстандык боксчулар Испанияда өтө турган Boxam эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 29-январда башталып, 4-февралда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандын атынан 11 мушкер катышат.

Курама команданын тизмеси:

— Нуржигит Дүйшебаев – 51 кг;

— Санжар Сейдакматов, Мунарбек Сейитбек уулу – 57 кг;

— Мирзахид Имамназаров , Алмаз Орозбеков – 63.3 кг;

— Нурадин Рустамбек уулу, Сыргак Абдыжапар уулу – 71 кг;

— Сагын Сатыбалды уулу, Эркин Адылбек уулу – 80 кг;

— Өмүрбек Бекжигит уулу – 86 кг;

— Бакыт Токтосун уулу – +92 кг;

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жана башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулунун жетекчилиги алдында катышат.

Exit mobile version