Кыргызстандык 16 балбан Өзбекстанда машыгууларды өткөрүүдө (тизме)

Кыргызстандык 16 балбан Өзбекстанда машыгууларды өткөрүүдө (тизме)

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Өзбекстанда окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азия чемпионатына жана эл аралык лицензиялык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөлөрү Ангрен шаарында (Өзбекстан) окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Машыгуулар 8- мартта старт алган жана 25-мартка чейин уланат.

Окуу-машыгуу жыйынга катышкан спортчулардын тизмеси:

  1. Нурмухамед Абдуллаев, СЧ, салмак категориясы 55 кг;
  2. Калы Сулайманов, ЭДСЧ, 60;
  3. Куттубек Абдыкерим уулу, СЧ, 60 кг;
  4. Урмат Аматов, ЭДСЧ, 63 кг;
  5. Марлен Асыкеев, СЧ, 67;
  6. Амантур Исмаилов, ЭДСЧ, 67;
  7. Руслан Царев, ЭДСЧ, 72 кг;
  8. Акжол Махмудов, ЭДСЧ, 77;
  9. Кайрат Туголбаев, СЧ, 77;
  10. Акылбек Талантбеков, СЧ, 77 кг;
  11. Калидин Асыкеев, СЧ, 82;
  12. Атабек Азисбеков, ЭДСЧ, 87 кг;
  13. Азат Салидинов, СЧ, 87;
  14. Узур Жузупбеков, ЭДСЧ, 97;
  15. Бексултан Махмудов, СЧ, 97кг;
  16. Роман Ким, СЧ, 130;

Балбандар улук машыктыруучулар Арсен Эралиев, Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин коштосунда кетишкен.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>