Кыргызстандык 600 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды

Кыргызстандык 600 миң долларлык алдамчылыкка шектелип кармалды

Каржы полициясынын кызматкерлери алдамчылыкка шектеп, Дөлөтбак Акимкановду кармады. Аны учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камашты.

Тактап айтканда, ал 600 миң доллар өлчөмүндөгү алдамчылыкка шектелип колго түшкөн.

Тергөө иштерине белгилүү болгондой, жогоруда аталган адам буга чейин бир нече жолу алдамчылык жана расмий документтерди жасалмалоо боюнча сот жообуна тартылган.

Жазык-процесстик кодексинин ченемдерине ылайык, сот шектүү Акимкановго карата баш коргоо чарасын тандайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>