Кыргызстандык 64 миң 792 жаран Орусиянын «кара тизмесинде» турат

Кыргызстандык 64 миң 792 жаран Орусиянын «кара тизмесинде» турат

Кыргызстандык 64 миң 792 жаран Орусиянын «кара тизмесинде» турат. Бул сан 2019-жылдын июлунда такталганын Мамлекеттик миграция кызматы билдирди.

Май айында болжол менен 999 кыргыз жараны мунапыстын алкагында «кара тизмеден» чыгарылган.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоосуз жашап, иштеген, убактылуу жашаган жери менен документте көрсөтүлгөн жайы дал келбеген жана башка эрежелерди бузган чет элдиктер «кара тизмеге» илинет. Алар депортацияланып, беш жылга чейин Орусияга киришине тыюу салынат.

Орусияда 1 млн 200 миң кыргызстандык бар. Алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>