Кыргызстандык тогуз жаштагы фигурист Элес Намазалиева мектеп окуучуларынын арасында көркөм муз тебүү боюнча Австриянын чемпиону болду. Бул маалыматты анын атасы Капар Намазалиев тастыктаганын жергиликтүү басылмалар жазышты.
Австриянын чемпионаты 10-12-декабрь күндөрү Линц шаарында өткөн. Элес өлкөнүн 22 шаарынын атынан чыккан бардык атаандаштарын жеңген.
Кыргызстандык кыз чемпионаттын калган катышуучуларынан 2-5 жашка кичүү.
Элес Австрияда ата-энеси менен узак убакыттан бери жашап келет. Ал көркөм муз тебүүнү 2015-жылы баштаган жана курама команданын мүчөсү.