Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеулда депутат болду

Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбук баракчасына билдирди.

Ал белгилегендей, 1-июнда Корея Республикасында жергиликтүү жана кошумча парламенттик шайлоолор өттү. Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланды.

«Айсулуу элчилик тарабынан өткөрүлүп жаткан маданий иш-чараларга ар дайым колдоо көрсөтүп, катышып келген мекенибиздин патриот инсандарынын бири. Ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы иштерине ийгиликтерди каалайбыз», — деп жазган Аида Исмаилова.

Exit mobile version