Кыргызстандык “Атаман” каймана аты менен таанымал мушкер Рафаэль Физиев UFC уюму менен келишимин жаңылады. Бул тууралуу Физиев «Инстаграм» баракчасына жазды.
“UFC уюму менен 4 беттешке жакшыртылган шарттар менен жаңы келишим түзгөнүмө абдан кубанычтамын. Менин менеджмент командама рахмат”, — деп жазган мушкер.