Кыргызстандык аял Карагандада көчөдө калды

Кыргызстандык аял Карагандада көчөдө калды

Казакстандын Караганда шаарында Кыргызстандык аял подъездерде жашап, ошол жакта түнөп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аял маркеттердин алдында жана көчөдө кайыр сурап отурат.

Өзүнүн айтуусуна караганда, ал 6 жашында ата-энеси менен жол кырсыгына кабылышкан.

«Кырсыктан кийин ал ата-энеси тирүү же тирүү эмес экенин билбейт. Бирок Кыргызстанда агалары жана эжелери бар экенин так билет. Анын эч бир документи жок. Подъезде уктоодо. Ал өз мекени Кыргызстанга аябай кеткиси келип жатат. Жардам берели. Кыш суук», — дешти интернет колдонуучулар.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>