Site icon Reporter.kg

Балбан Айаал Лазарев Олимпиадага жолдомо утуп алды (видео)

125kg FS - Aiaal Lazarev (KGZ)

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Дүйнөлүк лицензиялык мелдеште Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды.

Айаал Лазарев 125 кг салмакта күч сынашты. Ал катары менен ямайкалык жана өзбекстандык спортчуларды жеңип, жарым финалга чыкты. Андан кийин жарым финалда венгриялык балбанды 12:2 эсебинде утуп, мелдештин жобосуна ылайык, финалга чыккан балбан катары Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Эркин күрөштө 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин эркин күрөштөн Бекзат Алмаз уулу 57 кг жана Эрназар Акматалиев 65 кг салмакта лицензия уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 11 лицензия бар.

Стамбулда өтүп жаткан мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан бири-бири менен беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш Олимпиадага жолдомо ойнотулган соңку турнир болуп саналат. Бул мелдеште балбандарга Париждеги Олимп оюндарына лицензия алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилүүдө.

Сүйүнчү! Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына жолдомо утуп алды

Exit mobile version