Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык балбан кыздар Польшада эл аралык мелдешке катышууда. Тизме

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама кошуун «Poland Open» эл аралык мелдешине катышууда. Мелдеш 4-ноябрда Варшава (Польша) шаарында старт алган. Кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаш 6-7ноябрда өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыз-келиндер мелдешке төмөнкү курамда катышууда:

  1. Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы – 62 кг;
  2. Айпери Медет кызы, салмак категориясы – 76 кг;
  3. Мээрим Жуманазарова, салмак категориясы – 68 кг;
  4. Нураида Анаркулова, салмак категориясы – 57 кг;
  5. Назира Марсбек кызы, салмак категориясы – 59 кг;
  6. Нурбек Изабеков, Башкы машыктыруучу.

Мелдеш аяктагандан кийин, спортчулар 9-ноябрдан 16-ноябрга чейин Спала (Польша) шаарындагы «Олимп Центр» спорт базасында эл аралык окуу-машыгуу чогулмасын өткөрөт.

Белгилей кетсек, мелдештин катышуучуларын Спорттук олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланган.

Exit mobile version