Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык балбан Саякбай Усупов күрөштөн 12 жылга четтетилди

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбаны Саякбай Усупов күрөштөн 12 жылга четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык тестирлөө агенттигинин сайтында айтылат.

Маалым болгондой, ал 2022-жылдын 24-апрелиндеги кызытма текшерүүсүнөн өтө албай калган. Анын организминен «дростанолон» жана «тренболон» дарылары табылган.

Ал спорттон 2022-жылдын 9-июнунан тартып 2034-жылдын 8-июнуна чейин 12 жылга четтетилди.

Эскерте кетсек, буга чейин грек-рим балбаны Акылбек Талантбеков да кызытма колдонгон делип 4 жылга күрөштөн четтетилген.

Кыргыз балбаны Акылбек Талантбеков күрөштөн 4 жылга четтетилди

Exit mobile version