Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасы Дүйнө чемпионатына даярданып жатат. Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына караганда, мелдеш 12-декабрдан 18-декабрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.
Учурда кыргызстандык балбандар Бишкектеги «Изабек» спорт комплексинде 22-ноябрдан бери машыгуу өткөрүп жатышат.
Курамдын тизмеси:
- Сманбеков Алмаз – 57 кг;
- Жумашбек уулу Тайырбек — 57 кг;
- Мырзаназар уулу Бекболот — 57 кг;
- Хаджимурадов Икром — 61 кг;
- Жолдошбеков Улукбек — 61 кг;
- Акматалиев Эрназар — 65 кг;
- Осмонов Алибек — 65 кг;
- Токтогул уулу Айбек — 65 кг;
- Сыргак уулу Мансур — 70 кг;
- Орозбеков Исламбек — 70 кг;
- Усупов Саякбай, 74 кг;
- Анарбеков Адилет — 74 кг;
- Джамбулов Бекжан — 74 кг;
- Такиров Алинур — 74 кг;
- Изабеков Атай — 79 кг;
- Карыпбаев Нуртилек — 86 кг;
- Чыныбеков Мирлан — 86 кг;
- Керимкулов Чынгыз — 92 кг;
- Сулайманов Сымбат — 97 кг;
- Нурдавлетов Кунай -125 кг;
- Маджинов Русланбек, башкы машыктыруучу;
- Таабалды уулу Суймонкул, улук машыктыруучу;
- Кыдыев Улукбек, укалоочу.