24-февралда Түркияда эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan арасында эл аралык рейтингдик турнир башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынан билдиришти.
Бул турнирге Кыргызстандан 17 спортчу катышат.
Спорттук иш-чара 24-27-февралга чейин уланат.
Кыргызстандык мушкерлердин графиги:
24 февраль:
63 кг — Дастан Кадыров, грек-рим күрөшү
67 кг — Сулайманов Кала, грек-рим күрөшү
25 февраль:
62 кг — Тыныбекова Айсулуу, кыз-келиндер күрөшү
68 кг — Жуманазарова Мээрим, кыз-келиндер күрөшү
76 кг — Медет кызы Айпери, кыз-келиндер күрөшү
72 кг — Конурбаев Бекжан, грек-рим
72 кг — Икрамов Сүймөн, грек-рим
26-февраль:
125 кг — Жаппуев Музафар, эркин күрөш
27-февраль:
57 кг — Сманбеков Алмаз, эркин күрөш
61 кг — Жолдошбеков Улукбек, эркин күрөш
65 кг — Хаджимурадов Икромжон, эркин күрөш
70 кг — Акматалиев Эрназар, эркин күрөш
74 кг — Исламбек Орозбеков, эркин күрөш
79 кг — Будажапов Арсалан, эркин күрөш
86 кг — Нуртилек Карыпбаев, эркин күрөш
86 кг — Усупов Саякбай, эркин күрөш
92 кг — Чыныбеков Мирлан, эркин күрөш.