Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык бийчи Москвадагы чемпионатта 1-орунду ээледи (видео)

Кыргызстандык бийчи Бообек Саламатов Орусиянын Москва шаарында өткөн Back To The Future аттуу бий чемпионатында 1-орунду ээледи.

Ушул жылдын 2-6-май күндөрү өткөн заманбап бий боюнча чемпионатка КМШ өлкөлөрүнөн 200дөй бийчи катышты.

Финалда Бообек Саламатов менен орусиялык Виктор Квятковский беттешип, Popping наминациясы боюнча биринчи орун кыргызстандык бийчиге ыйгарылды. Судьялар добуштарын Бообек Саламатовго беришти.

Бообек Саламатов 19 жашта. Кыргыз Казак университетинде окуйт. Эми ал ушул жылдын ноябрь айында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтө турган бий боюнча дүйнөлүк чемпионатка даярданууда.

Ал белгилүү бийчи Жан Воиновдун шакирти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version