Кыргызстандык боксчулар Азия оюндарына даярдык көрүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, мелдешке карата окуу-машыгуулар Чолпон-Ата шаарында өтүүдө. Ал 4-августта башталган, 24-августта жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
— Нуржигит Дүйшөбаев 51 кг;
— Мунарбек Сейитбек уулу 57 кг;
— Аскат Култаев 63.5 кг;
— Нурадин Рустамбек уулу 71 кг;
— Өмүрбек Бекжигит уулу 80 кг;
— Эркин Адылбек уулу 92 кг;
Машыктыруучулар:
— Данияр Төлөгөн уулу — башкы машыктыруучу;
— Улан Сагынбаев — улук машыктыруучу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз