Кыргызстандык боксчулар Черногрияда өткөн Дүйнө кубогунда 3 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Медалдардын бирөө күмүш экөө коло.
Күмүш медалды эркектер арасында 57 кг салмакта Амантур Жумаев утту. Өмүрбек Малабаев 92 кг салмакта коло тагынды.
Кыздар арасында 70 кг салмакта Зарина Асанова коло медалга ээ болду.