Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында 2 медаль жеңди

Кыргызстандык дзюдочулар Азия чемпионатында 2 медаль жеңди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 15-22-июль күндөрү Бангкок шаарында (Таиланд) кадеттер жана өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. Аталган чемпионатта Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Эмирхан Жолдошказиев 90 кг салмакта алтын медаль, ал эми 73 кг салмак категорияда Нурмухаммед Бакирдинов коло медаль жеңди.

Спортчулар жеке машыктыруучулары Илгиз Каналбек уулу жана Бакыт Жусуповдун жетекчилиги алдында катышты.

Ошондой эле, чемпионаттын алкагында Кыргызстандын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев Азия жана Океания чөлкөмүндө дзюдо спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн атайын эстелик медалдар менен сыйланды.

Exit mobile version