Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык дзюдочулар дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапка чыгышты

Эл аралык дзюдо федерациясы (IJF) Анталияда өткөн Гранд Слам турниринен кийин дзюдочулардын дүйнөлүк рейтингин жаңылады.

Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришкендей, Эрлан Шеров дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, 15-сапка жайгашты.

Ал эми Кубанычбек Айбек уулу менен Асад Масабиров мыкты 30 спортчунун катарына кирди.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Айбек уулу Тбилиси шаарында өткөн Grand Slam турниринин жеңүүчүсү болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version