Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык эки суучул дүйнө чемпионатында күчүн сынайт

Кыргызстандык эки суучул Катардын борбору Доха шаарында өтө турган дүйнө чемпионаты катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

2-18-февраль күндөрү өтө турган дүйнө биринчилигине Кыргызстандан Денис Петрашов менен Елизавета Печерских барат.

Курама команда мелдешке башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында катышат. Дүйнө биринчилигинде жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.

Exit mobile version