Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык эки жөө күлүк марафон боюнча Азия чемпоинатына катышат

Кыргызстандык эки жөө күлүк Кытайдын Гонконг шаарындагы марафон боюнча Азия чемпоинатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Азия чемпионаты Гонконгдогу марафондун алкагында 21-январда өтөт. Ага жалпы 70 миңден ашык жөө күлүк катышат.

Кыргызстандын атынан жарышка Илья Тяпкин менен Гүлшанай Сатарова катышат.

Exit mobile version