Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык гимнаст Таиландда өткөн мелдеште коло медаль утту

Бишкек шаарынын Октябрь районунун олимпиадалык резервдик адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары көркөм гимнастика боюнча өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өткөн Азия чемпионатында байгелүү орундарга ээ болушту.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, чемпионат Паттайя шаарында (Таиланд) өтүп, Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түштүк Корея, Япония, Малайзия, Сингапур, Монголия, Индия жана Таиланддан келген гимнасттар катышты.

Бадыкеева Асема булава менен көнүгүүлөрдү жасап, 3-орунга ээ болду. Финалдык жыйынтык менен коло медаль тагынды. Бул кыргыз гимнастикасынын тарыхында Көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын курамасынын биринчи коло медалы. Ошондой эле, Сатыкеева Тинатин топ менен көнүгүү боюнча квалификацияда 3-орунду жана финалдык оюнда 4-орунду ээледи.

Октябрь районунун спорт мектебинин тарбиялануучусу Ким София Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында топтук машыгуулар боюнча катышты.

Өспүрүмдөр жана чоңдор арасындагы көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионатындагы көрсөткүчтөрдүн жыйынтыгы боюнча көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын курама командасы жеке көнүгүүлөрдүн 4 түрү (обруч, топ, булава, лента) жана тайпалык көнүгүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2 түрү (5 скакалка, 5 топ) командалык 4-орунду ээлешти.

Exit mobile version