Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык грэпплингчи дүйнөлүк турнирде алтын тагынды

Спортчу Жеңишбек Мамбетов Таиланддын Бангкок шаарында өткөн 7-Эл аралык Тай оюндарынын алкагында грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медалды багындырды.

Мелдеш 2025-жылдын 18-22-май күндөрү өтүп, Мамбетов 81 кг салмак ченинде күч сынашты.

Эскерте кетсек, Жеңишбек Мамбетов буга чейин да универсалдуу күрөш (UNIFIGHT) боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп, өзүнүн чеберчилигин далилдеген.

Exit mobile version