Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык имамдар Мединага тил үйрөнүүгө жөнөтүлөт

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы мусулмандардын ыйык шаары Мединага 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөтөт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара «Таба» ишканасынын колдоосу менен ишке ашат.

«Имамдар кыска мөөнөттүү окуу курсунда араб тил боюнча билимин өркүндөтүп, Мединадагы тарыхый жайларды зыярат кылуу менен биргеликте умра ибадатын өтөшмөкчү»,- деп айтылат маалыматта.

 

Exit mobile version