Кыргызстандык ишкер форель балыктарын экспортто боюнча Орусиялык ишкана менен келишим түздү

Кыргызстандык ишкер форель балыктарын экспортто боюнча Орусиялык ишкана менен келишим түздү

Бүгүн, жеке ишкер Илгиз Шаменов жетектеген «Тянь-Шань форель”  ишканасы менен Орусиялык «Продмассив Сибирь» ишканасынын ортосунда маанилүү келишимге кол коюлду. Бул тууралуу жолугушуунун уюштуруучулары кабарлады.

Келишимдин негизги максаты Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди Орусияга экспорттоого багытталып, тыгыз иштешүүгө макулдашылды. Келишимдин негизги наркы 3 000 000 долларды түздү.

«Тянь-Шань форель” ишканасынан директору Илгиз Шаменовдун айтымында, Кыргызстанда өстүрүлгөн форелди башка өлкөгө чоң суммадагы нарк менен экспорттоо, өлкөдөгү балык чарбачылыгын өнүктүрүүдөгү алгачкы кадамдар.  Ошондой эле, Кыргызстанда өстүрүлгөн форель дүйнө жүзүндө алдыңкы сапта турары маалым.

Эскерте кетсек, ушул жылы президент Сооронбай Жээнбеков атайын иш сапары менен жеке ишкердин чарбачылыгы менен таанышып, мамлекет тарабынан колдоо болорун айткан. Кыргыз Орус өнүктүрүү фонду да  жеке ишкерди колдоо ниетин билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>