Кыргызстандын байдарка жана каноэ боюнча улуттук курама командасы Өзбекстанда өтө турган Азия биринчилигине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш 21-апрелден 2-майга чейин Самарканд шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан беш спортчу катышат.
Курама команданын тизмеси:
- Родион Туйгунов;
- Руслан Төлөмүшөв;
- Владислам Прокопов;
- Алтынбек Бактияров;
- Евгений Задорожных.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз