Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык каратэчилер Азия чемпионатында 6 медаль утушту

Кыргызстандын каратэ-до WKF боюнча улуттук курама командасы 16-20-декбрь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн Азия чемпионатында 6 медаль жеңди. Анын 2 алтын, 1 күмүш жана 3 коло медаль. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионат кадеттер, өспүрүмдөр жана чоңдор арасында өтүп, 28 мамлекттен 755 спортчу катышты.

Чоңдор арасында 50 кг салмак категориясында Умида Айсаева жана 75 кг салмакта Назим Нурланов алтын медаль тагынды. 61 кг салмакта Кымбат Тойтонова экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль алды.

Ал эми кадеттер арасында 54 кг салмак категориясында Даткайым Байжигитова, 61 кг салмакта Эрлан Акылбек уулу жана 63 кг салмакта Кадыр Үсөнбеков коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, курама команда башкы машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында чемпионатка катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version