Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык каратечилер Түркиядагы лицензиялык мелдешке катышат

Карате-до боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү эл аралык лицензиялык мелдешке катышат.

“Karate 1- Primer Legue” турнири 12-14-март күндөрү Стамбул шаарында өтөт.

Ага өлкө атынан Рафаэль Акбаров (60 кг), Эрбол Жумалиев (84 кг) жана Кымбат Тойтонова (61 кг) барат. Спортчулар улук машыктыруучу Бакыт Дуйшеев жетектеп кеткен.

 

Exit mobile version