Site icon Reporter.kg

Кыргызстандык кол өнөрчүлөр Германиядагы көргөзмөгө катышууда

Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү 2023-жылдын 4-7-февралында Германия Федеративдүү Республикасынын Майндагы Франкфурт шаарындагы «Messe Frankfurt» ири көргөзмө комплексинде өтүп жаткан «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4-февралда Кыргызстандын кол өнөрчүлүк кеңешинин президенти Нурзат Жээнбек жана Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда «Creativeworld» эл аралык көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

Кыргызстандын кол өнөрчүлөрүнүн өкүлдөрүнүн бул көргөзмөгө катышуусу АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин Борбордук Азиядагы соода программасынын жана Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн колдоосу менен ишке ашырылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version