Site icon Reporter.kg

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду

Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду.

33 жаштагы мушкер Бахрейнде өткөн беттеште биринчи эле раундда UFC уюмунун мурунку мушкери бразилиялык Лукас Мартинсти техникалык нокаут менен жеңип алды.

Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунда 7 мушташ өткөрдү.

BRAVE CF — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. Анда 80ден ашык өлкөнүн мушкерлери күч сынашат. Абдисалам уулу жеңил салмактагы чемпион (70,3 кг чейин).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version